Эрдогандын жетекчилигинде Стамбулда Долмабахче иш кеңсесинде коопсуздук жыйыны өткөрүлдү

Басма сөзгө жабык өткөн жыйын болжол менен 1 саатка созулду.

2088311
Эрдогандын жетекчилигинде Стамбулда Долмабахче иш кеңсесинде коопсуздук жыйыны өткөрүлдү

Президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде Стамбулда Долмабахче иш кеңсесинде коопсуздук жыйыны өткөрүлдү.

Президент Эрдогандын жетекчилигиндеги жыйынга тышкы иштер министри Хакан Фидан, ички иштер министри Али Йерликая, улуттук коргоо министри Яшар Гүлер, башкы штабдын төрагасы армиянын генералы Метин Гүрак, Улуттук Чалгындоо Уюмунун төрагасы Ибрахим Калын, президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин  Алтун жана президенттин тышкы саясат жана коопсуздук боюнча башкы кеңешчиси Акиф Чагатай Кылыч катышты.

Басма сөзгө жабык өткөн жолугушуу болжол менен 1 саатка созулду.

Президент Эрдоган жыйындан мурда Улуттук кыймыл партиясынын лидери Девлет Бахчели жана Ийи партиясынын лидери Мерал Акшенер менен телефон аркылуу террор менен күрөшүү темасында сүйлөштү.

 



Тектеш кабарлар