Ризе...

Түркияда туризм-23

1211889
Ризе...
Rize 2.jpg
Rize 6.jpg
Rize 5.jpg
Rize 4.jpg
Rize 8.jpg

 

Ризе...

Ризе-Түркиянын Чыгыш Кара деңиз жээгинде орун алган кооз шаар... Эң маанилүү өзгөчөлүгү жапжашыл табияты.

Ризе, Түркияда теңдешсиз кооздуктардагы жайлоолору, көп сандаган бак жана өсүмдүк түрү орун алган токойлору, дарыялары, коктулары, тоолору, мөңгүдөгү көлдөрү менен атактуу. Шаар, бир гана табигый кооздуктарга эмес, маданий жана тарыхый байлыктарга да ээ.

Ризе, Анадолунун түндүк-чыгыш жагында Качкар тоолору менен Кара деңиздин ортосунда абдан тик аянтта орун алган. Аймактын табигый өсүмдүк жабдуусу, жээктерде нымдын жана жамгырдын көп болушунун себебинен жазы жалбырактуу калың токтойлордон турат. Түркиянын токойлорунун 25 пайызын камтыйт жана Түркиянын эң эле токойго бай аймагы болуп саналат...

Айдер, Анзер, Овит, Покут, Сал, Гито, Элевит, Чичекли жайлоолору Ризенин атактуу жайлоолору...Бул жайлоолордун айрымдарында мал чарбачылык жана талаа чарба иштери учурубузда дагы уланууда жана көпчүлүгү туризмге ачылган...Качкар тоолорунда ар кайсы жерде орун алган жайлоолор; отантикалык, жагымдуу жайлоо үйлөрү, ондогон өсүмдүк жана терек түрлөрү менен сизди күтүп турат. Жайлоолордун көбүндө үй пансионаты орун алган. Аймак, альпинизм жана жөө жүрүш спорттору үчүн көп сандаган мүмкүнчүлүктү тартуулайт кызыккандарга...

Ылайыктуу мезгилде, өзгөчө  жаз айларында же жай мезгилинин башында барсаңыз, ондогон түрдүү гүлдөрдүн жайлоолорго жайылган жытын искеп басышыңыз мүмкүн.

Ризе жайлоолору; бай флора жана фауна түзүлүшү, чоң кичине бир топ мөңгү көлдөрү менен көрүлсө боло турган жерлерден бири. Ар бири кызыккандарга ар башка мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт. Кыстара кетсек, Айдер жайлоосундагы арашандар келгендерге шыпаа таратууда...

Айдер жайлоолорун берки жайлоолордон өзгөчөлөнтүп турган отантикалык жайлоо үйлөрү менен катар отелде калууну каалагандар үчүн мындай мүмкүнчүлүктөр да бар.

2100 метр бийиктиктеги Анзер жайлоосунун шыпаа булагы Анзер балы дүйнөгө таанымал. Адамдын ден-соолугуна көп пайдасы болгону билинген Анзер балы, жайлоолордун миң түрдүү гүлүнүн ширесин камтыйт. Жай айларында жашылдын ар түркүн өңдөрүнө, кыш айларында басымдуу сары жана кызыл түстөргө бөлөнүп, жалбырактарын түшүргөн теректери өзгөчө табиятка жүрүшкө чыгууну каалагандар менен фотосүрөтчүлөрдү өзүнө тартып турат.

Айрым жайлоолордо парапланчылык, айрымдарында болсо кыш туризмине ылайыктуу географиялык потенциалы бар.

Качкар тоолорунун Кара деңиз тарабындагы беттеринде майда дарыялардын биригүүсү менен пайда болгон жана Ризенин Ардешен аймагына жакын жерде Кара деңизге куйган Фыртына дарыясында табигый жашоо бардык көркөмдүгү менен тартууланып турат. Буга кошумча көп жерде тукум курут болуп бараткан кызыл тактуу форелдерди көрүүгө болот. 57 чакырым узундуктагы Фыртына дарыясынын рафтинг үчүн ылайыктуу жайык жерлери бар.

Ризеде өтмүшү 13-14-кылымдарга чейин жеткен көп сандаган чеп бар. Коргоо, кабарлашуу, байкоо, жетиштүү аскердик күчтү кармоо сыяктуу себептер менен курулган бул чептердин эң атактуусу Зил Кале. Көрүнүшү Орто кылымдагыга окшогон чеп, шаардагы Варош чеп, Жиха чеп жана Кыз чеби сыяктуу аймактын жана Анадолуга кеткен орто кылымдагы маанилүү кербен жолунун коопсуздугун камсыздачу.

Ризеге барып калсаңыз кычкылтекке мол жайлоолоруна чыкпастан, бай коллекцияга ээ болгон музейди кыдырбастан, өтмүш кылымдардан учурубузга дейре келген арка көпүрөлөрдү сүрөткө тартпастан, Кара деңиз балыгы хамсиден жасалган хамсилүү палоо жана хамсилүү нандын даамын көрбөстөн, атактуу Ризе чайынан ичпестен, аймактын салттык токумалары болгон «феретико» сатып албастан кайтпаңыз.

Табияттын адам баласына тартуулаган сулуулуктарын көргүңүз келсе жанга жакын, меймандос калкы менен Ризе сизди күтүп алат...

Саякатыңыз байсалдуу болсун!



Тектеш кабарлар