Синоп

Түркияда туризм-21

1206016
Синоп
sinop (7).jpg
sinop (4).jpg
sinop (2).jpg
sinopjpg (2).jpg

 

Синоп

Түркиянын Кара деңиз жээгиндеги бир облус-Синоп...Көгүш түс менен жашыл түс аралашып көздүн жоосун алган көркөмдүктү тартуулаган аймактардан бири...

Синоп б.з.ч. 7-кылымда соода колониясы катары курулуптур. Бир версияга караганда атын мифологиядагы Дарыя теңири Асопостун суу периси кызы деп түшүндүрүлгөн Синопеден алыптыр. Башка бир көз караш болсо атынын Ассириялыктардын ай теңири болгон Синден келгенин айтат.

Археологиялык калдыктар, Синоп облусунун жана чөйрөсүнүн алгачкы доорлордон тартып көп калктуу отурукташкан жер болгонун көрсөтүп турат. Географиялык абалы жана табигый порт болушу Кара деңизден келген шамалдардын өтө албоосу, отурукташкан жер катары тандалышын камсыздаган. Македониянын падышасы Искендер Зулкарнайн доорунда шаар гүлдөгөн мезгилин өткөргөн. Илим жана маданиятка маани берилип, аалымдар, философтор коргоого алынган. Андан кийин Рим жана Византиянын карамагына өткөн. 11-кылымдын акырына карай Түрк жерлерине кошулган.

Синоп саякатка келгендерди теңдешсиз табигый кооздуктары менен жана тарыхый чыгармалары менен тосуп алат. Булардан эң маанилүүсү болгон Хамсилос булуңу; Түркиянын эң түндүк жагында орун алган. Өтмүштө согуш кемелери жашырынган, учурубузда болсо балыкчылардын шамалдуу абаларда баш калкалаган булуңу. Түзүлүү өзгөчөлүктөрү жагынан алганда дүйнөдөгү жалгыз окшошу Норвегияда кездешет.

Атын кумдун түсүнөн алган Сарыкум жана Каракум булуңдары менен Аклиман, деңиз туризмине кызыккандарга токой менен аралашкан кооздуктарды тартуулайт.

Чоң-кичине бардыгы 28 шаркыратмадан турган Эрфелек шаркыратмасы; табигат жүрүштөрүн жактырсаңыз, суу тегирмендери да орун алган, жапайы турмушту жакындан байкай ала турган жол тилкесин тартуулайт. 28 баскыч түрүндө тизилген шаркыратмадан өткөндө сизди даамдуу түрк кофеси күтүп турат.

Салынганы б.з.ч. 7-кылымга жеткен Синоп чеби, жер астындагы туннелдер да орун алган Бойабат чеби аймактын тарыхы боюнча сизге пикир берип турат.

Түркиянын эң түндүк чекитинде орун алган, апаппак кооз мунарасы менен Инжебурун деңиз панары 19-кылымдын орто ченинен бери кемелерге жол көрсөтүп келүүдө жана ошондой эле Кара деңиздин теңдешсиз көрүнүшүн байкоо мүмкүнчүлүгүн тартуулоодо.

Бойабат районундагы Базальт жарчалары көп сандаган жергиликтүү жана чет элдик туристтин учураган жерлеринен бири. Теңдешсиз өзгөчөлүккө ээ болгон аймак, табият эстелиги болуп жарыяланган сыяктанат.

Синоптогу маанилүү тарыхый түзүлүштөрдөн бири-Синоп абагы, жүздөгөн жылдар мурда чеп катары курулуптур. Кийинки уабктарда өзгөртүлүп, оңдолуп жана жаңы бөлүмдөр кошулуптур. Ички чеп, кеңири чептер жана бурчтардан турган түзүлүш, бир убакта кеме куруучу жай, кийинчерээк абак катары колдонулган. Бүгүнкү күндө музей катары келгиндерди күтүүдө.

Акгөл, Иналты үңкүрү, Археология музейи, шаардан көрбөй кетпешиңизди сунуштай турган берки жерлер.

Синоп... «Менден каалаган нерсеңиз барбы?»,деп сураган Падышасы Искендер Зулкарнайнга «Көлөкө кылба башка кам көрүүнү суранбайм»,деп жооп берген атактуу философ Диогендин туулган жери...

Түркиянын Статистика мекемесинин үч жылдан берки сурамжылоосуна караганда Түркиянын «эң бактылуу шаары» деп табылган...

Синоптуктардын өздөрүн «бактылуубуз» деп атоолорунун себебин ордуна барып көрүп, бактылуу адамдардын шаарында табият жана тарыхый кооздуктарын моокум кангыча көргүңүз келсе Синоп сизди күтүп турат.

Саякатыңыз байсалдуу болсун!



Тектеш кабарлар