Тарыхый Бергама аянты

Түркияда туризм-17

1187959
Тарыхый Бергама аянты
BERGAMA 3.jpg
BERGAMA 1.jpg

 

Бергама көп катмарлуу маданий ландшафт аянты

Түркиянын батыш жагы, өзгөчө Эгей деңизинин жээгине жакын аймактар, археологиялык жактан абдан бай. Бергама көп катмарлуу маданий ландшафт аянты ушул археологиялык аянттардан бири...Измирде орто эсеп менен 100 км алыстыктагы аянт, ар башка убактарда көп сандаган маданият тынымсыз жашаган адамзаттын өнүгүүсүнүн маанилүү баскычтарын көрсөткөн тандамал тарыхый шаар көрүнүшүн берип турат.

Цивилизациялардын эң көркөмдүү маданият жана искусство борборлорунан бири болгон Бергама, 2014-жылы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилди.

Бергама көп катмарлуу маданий ландшафт аянты, Эллинисттик, Рим, Чыгыш Рим жана Осмон дооруна таандык катмарларды камтып турат. Бул бардык ар башка маданияттардын удаама-удаа жайгашуусу, Бергамага теңдешсиз шаардык калыптануу жана эстеликтүү архитектуранын чагылуусун берген.

Аймак; Пергамон, Кибеле ыйык аянты, Ильяс Дөбө, Йыгма Дөбө, Икили, Тавшан дөбө, Х дөбө, А дөбө жана Малтепе айкелдери болуп бардыгы тогуз бирикмеден турат.

Байыркы тексттерде Пергамон деп аталган шаар, б.з.ч. 200-жылдарда Атталос династиясынын борбор шаары болгон, маданий, илимий жана саясий жактан борбордук аянтка келген. Ибадаткана, сарай жана театр сыяктуу түзүлүштөр менен катар чоң китепкана курулуптур.

Бергама б.з.ч. 133-жылы Римдиктерге өткөндөн кийин ал убактын эң маанилүү саламаттык сактоо борборлорунан бири катары кабыл алынган Асклепион курулуптур.

Шаар маанисин Византия доорунда жогото баштаган. Соода жолдорунун өзгөрүүсү, Бергаманын орточо чоңдуктагы районго айланышына себеп болгон.

Байыркы шаар, 14-кылымдын башында Осмон империясынын башкаруусуна өткөн. Бул мезгилде кеңейген жана жаңы маданий өзгөрүүгө ээ болгон. Осмон маданиятын чагылдырган мончолор, көпүрөлөр, сарайлар, соода борборлору жана базарлар курулган.

Бергамада алгачкы казуу иштери 1870-жылдарда башталган. Бүгүкнү күндө байыркы шаардын чоң бөлүмү жарыкка чыгарылган абалда. Казууларда жарыкка чыгарылган табылгадардын бир бөлүгү Түркиянын археологиялык музейи болгон Бергама музейинде көрсөтүлүүдө.

Королдун үй-бүлөсүнүн, бакшаруучулардын жана командирлер жашаган Берагама Акрополу, өзгөчө архитектуралык түзүлүшкө ээ. Эң маанилүү түзүлүшү болгон  Афина ибадатканасынын бүгүнкү күндө аймакта тилекке каршы пайдубалдары гана калган. Оригиналдары Берлиндеги Пергамон музейинде орун алган. Башка маанилүү түзүлүш болгон Зевс айкели да ошол эле Берлинде көргөзмөгө коюлган.

Агора ибадатканасы, Дионисос ибадатканасы жана аларлын доорунда 200 миң китеп орун алган китепкана, берки маанилүү түзүлүштөр болуп эсептелет. Китептердин римдик командирлерден Маркус Антониус тарабынан той белеги катары Египеттин канышасы Клеопатрага белек кылынганы божомолдонууда...

Байыркы Грек жана Рим цивилизацияларында ибадатканалардан кийин орун алган эң маанилүү имараттар театрлар. Бергама театры, тик бетке курулган жана дүйнөдө белгилүү эң тик жайгашкан отургучтарга ээ болгон театр...Орто эсеп менен 10 миң кишилик көрүүчү батат.

Төмөнкү шаар деп аталган бөлүмдө агора, айкелчилик окуу жайы, үйлөр жана Серапис ибадатканасы орун алган. Римдин христиан болушу менен чиркөөгө айланган ибадаткана, Инжилде аты аталган жети чиркөөнүн арасынан орду билинген жалгыз чиркөө.

Деметлер ибадатканасы, спорттук таймаштар үчүн курулган Гимназия шаардын башка маанилүү түзүштөрүнөн болуп эсептелет.

Байыркы доорлордун бул өнүккөн шаарында, саламаттык сактоо  борбору да бар. Саламаттык сактоо жана табыпчылык теңири Асклепиостун атынан курулган байыркы медицина борбору Асклепион, бир эле убакта дүйнөнүн алгачкы психиатр ооруканасы катары белгилүү. Бул жерде медицина тармагында изилдөөлөр жасалыптыр жана ар түрдүү дарылоо ыкмалары ишке ашырылды.

Анадолунун бул маанилүү байыркы шаарын көрүш үчүн Бергамага бара турган саякатчыларыбызга сунушубуз; шыпаалуу арашандарга түшпөстөн, жергиликтүү даамдар тулум сыры жана локмадан ооз тийбестен кетпеңиздер.

Саякатыңыз байсалдуу болсун!



Тектеш кабарлар