Дагы эки террорист колго түшүп берди

Ирактын түндүгүндөгү баш калкалоочу жайларынан качкан 2 ПКК террористтинин Хабурдагы чек ара бекетине багынып бергени кабарланды.

2134891
Дагы эки террорист колго түшүп берди

Ирактын түндүгүндө Чеңгел операциялары менен бурчта такалган жикчил террордук уюм ПККдан качуулар уланууда.

Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, Ирактын түндүгүндөгү баш калкалоочу жайларынан качкан 2 ПКК террористтинин Хабурдагы чек ара бекетине багынып бергени кабарланды.

Билдирүүдө: «Чеңгел сериясы операциялары менен бурчта такалган террордук уюм ПККдан качуулар уланууда. Ирактын түндүгүндөгү баш калкалоочу жайларынан качкан 2 ПКК террористи Хабурдагы чек ара бекетибизге багынып беришти. Террористтер үчүн кутулуунун жалгыз жолу Түрк адилеттигине багынып берүү!» деп айтылды.



Тектеш кабарлар