Түркиядан Газага гуманитардык жардам

Түркия кол салуулар башталгандан бери 13 учак жана 8 кеме менен Газага 39 миң 697 тонна ар түрдүү гуманитардык жардам материалдарын жөнөттү.

2128560
Түркиядан Газага гуманитардык жардам

Түрк Кызылайы тарабынан Газага жеткирилиши үчүн даярдалган 3 миң 774 тонна гуманитардык жардамды ташыган кеме кечээ кечинде Мерсин эл аралык портунан жөнөтүлдү.

7-октябрдан бери Израилдин кол салуусуна дуушар болгон Газа тилкесиндеги Палестина калкы менен тилектештик максатында тамак-аш, балдар үчүн буюмдар, уктоочу баштыктар жана глютенсиз азыктардан турган 3774 тонналык жардам жүктөлгөн кеме азем менен жолго чыкты.

Кеме болжол менен 40 саатка созула турган деңиз жолу аркылуу Газага эң жакын аймак болгон Египеттин Эль-Ариш портуна жетет.

Портко токтогон кемеден түшүрүлө турган гуманитардык жардам материалдары фуралар менен Рефах чек ара бекетине жеткирилет.

Бул жердеги бажы процедураларынан кийин жардамдар Палестинанын Кызыл Жарым Айына тапшырылат.

Түркия кол салуулар башталгандан бери 13 учак жана 8 кеме менен Газага 39 миң 697 тонна ар түрдүү гуманитардык жардам материалдарын жөнөттү.



Тектеш кабарлар