Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат

Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.

2133881
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат

Вице - президент Жевдет Йылмаз расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн эртең Өзбекстанга барат.

Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.

Йылмаз Өзбекстандын Олий Мажлиси сенатынын төрагасы Танзила Нарбаева жана Өзбекстандын вице-премьер-министри Жемшит Кучкаров менен да өз-өзүнчө жолугушат. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин делегациялар аралык жолугушууга өтүлөт.

«Түрк иш дүйнөсү жолугушуусу» программасында иш дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен жолугуша турган Жевдет Йылмаз сапарынын экинчи күнүндө борбор шаар Ташкентте боло турган «Үчүнчү Ташкент эл аралык инвестиция форумунун» ачылышына катышат.

 



Тектеш кабарлар