Германиянын президенти Түркияга келет

Германиянын президенти Франк - Вальтер Штайнмайер 22 - 24 - апрель күндөрү Түркияга келет.

2128683
Германиянын президенти Түркияга келет

Германиянын президенти Франк - Вальтер Штайнмайер 22 - 24 - апрель күндөрү Түркияга келет.

Германиянын президенттигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, сапар эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык карым – катнаштардын башталышынын 100 жылдыгына карата болот.

Президент Штайнмайердин бул сапарда эки өлкөнүн ортосундагы тыгыз байланыштарды баса белгилеп, өзгөчө Германияда жашаган миллиондогон түрк тектүү жарандардын турмушу жана ийгиликтерине баа берүүнү каалагандыгы айтылды.

Германияда жашаган түрк тектүү жарандардын  23   -  майда  75 -  жылы белгилене турган күн Германия Федералдык Республикасынын бөлүнгүс бир бөлүгү экендиги баса белгиленген билдирүүдө президент Штайнмайердин  келерки жумада Түркияга биринчи жолу келе тургандыгы да белгиленди.

Штайнмайердин сапарынын Стамбул, Газиантеп жана борбор шаар Анкараны камтый турганы, иш, илим, искусство, адабият, спорт чөйрөсү жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуусу пландалганы ортого салынды.

Президент Штайнмайердин 24 -  апрелде президент Режеп Таййип Эрдоган менен борбор шаар Анкарада жолугушары маалымдалды. 

Германиянын президенти Аныткабирге да барат жана Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Ататүрктүн  мавзолейине гүл чамбар коёт.

 



Тектеш кабарлар