Фидан Блинкен менен телефон аркылуу сүйлөштү

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, телефондук сүйлөшүүдө Фидан менен Блинкен Ирандын Израилге жооп кайтаруу чабуулунан кийин аймактагы учурдагы абалды талкуулашты.

2127551
Фидан  Блинкен менен телефон аркылуу сүйлөштү
fidan blinken.jpg

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда министр Фидан БУУнун баш катчысы Гутерриш менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Аймактагы акыркы абалдар жана Газадагы абал талкууланган сүйлөшүүдө «Кипр маселеси» жана Кара деңизде кеме жүрүү коопсуздугу да бааланды.

Тышкы иштер министри Хакан Фидан америкалык кесиптеши Энтони Блинкен менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, телефондук сүйлөшүүдө Фидан менен Блинкен Ирандын Израилге жооп кайтаруу чабуулунан кийин аймактагы учурдагы абалды талкуулашты.

Министр Фидан америкалык кесиптешине Түркиянын аймактагы кризистин күчөшү жана жайылуу ыктымалдыгынан тынчсызданганын баса белгилеп, Түркиянын Газадагы кризистин башталышынан бери аймактык кагылышууга айланып кетүү коркунучу бар экенин «кайталап айтканына» көңүл бурду.

Израиль-Иран чыр-чатагынын түбүндө Газадагы согуштун жатканын белгилеген Фидан Блинкенге тез арада (бул аймакта) ок атышпоо жарыяланышы керектигин жана Газага «үзгүлтүксүз гуманитардык жардамдын» жеткирилиши керектигин, антпесе кризистин улам өсүп улана турганын эскертти.

Фидан Израилге таасири бар өлкөлөрдүн чыңалуунун күчөшүнө жол бербөө үчүн эң туура билдирүүлөрдү бериши керектигин да белгиледи.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Мэтью Миллер да телефондук сүйлөшүүгө байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Блинкендин Түркиянын Жакынкы Чыгыштагы чыңалууну азайтуу аракети үчүн Фиданга ыраазычылык билдиргенин айтты.

Анда Блинкен өлкөсүнүн Израилдин коопсуздугуна берилгендигин баса белгиледи.

Энтони Блинкен тышкы иштер министри Фидан, ошондой эле Сауд Арабия, Египет, Иордания жана Улуу Британиянын тышкы иштер министрлери менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Израил-Иран чыңалуусун талкуулады жана аймакта чыңалуунун күчөшүн каалабай тургандыктарын билдирди. 

Израиль 1-апрелде Дамасктагы Ирандын консулдугунун имаратына абадан чабуул жасап, Иран Төңкөрүшчү сакчылары корпусунан 7 киши, анын ичинде 2 генерал набыт болгон.

Иран Израилдин консулдугуна кол салуу анын өлкө аймагына кол салуу экенин жана алар жооп кайтара турганын жарыялаган.

Израиль дагы Ирандын чабуулдарына жооп берерин билдирди.

Мурунку түнү Иран жүздөгөн камикадзе учкучсуз учуучу аппараттар, баллистикалык жана канаттуу ракеталар менен Израилге чабуул коюп, кээ бир аскердик буталарга сокку урулганын жарыялады.

Израиль чабуулдардын көбүн абадан коргонуу системалары менен алдын алганын, бирок өлкөнүн түштүгүндөгү аскердик базага ракета тийгенин билдирди.



Тектеш кабарлар