Габарда күнүмдүк мунай өндүрүү 40 миң баррелден ашты

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар ​​Шырнактын Габар тоо аймагындагы шейит Айбүке Ялчын кудугунда өткөрүлгөн майрамдык салтанатка катышты.

2126880
Габарда күнүмдүк мунай өндүрүү 40 миң баррелден ашты

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар ​​Габардагы мунай өндүрүшүнүн күнүнө 40 миң баррелден ашканын билдирди.

Байрактар ​​Шырнактын Габар тоо аймагындагы "Шейит Айбүке Ялчын" кудугунда өткөрүлгөн майрамдык салтанатка катышты.

Министр Байрактар ​​бул жерде жасаган билдирүүсүндө: «Бүгүнкү күнгө карата бул жерде күнүмдүк өндүрүшүбүз 40 миң баррелден ашты. Бул Түркияда эң жогорку сапаттагы мунай жана эң көп мунай өндүргөн күн катары тарыхта калган күн. Эсиңиздерде болсо, бул жерге жаңы жыл түнү келгенде, 2024-жылдын аягына чейин суткасына 100 миң баррелге жетишүү максатыбыз деп айтканбыз.Бул үчүн күнү-түнү иштеп жатабыз»,-деп айтты.

Алпарслан Байрактар : «Учурда биз бул өндүрүшкө 33 скважинадан жетиштик. Бир скважинадагы орточо өндүрүшүбүз 1200 баррелден ашты. Ошондуктан, 95 скважина планыбызга жеткенде, жылдын аягында бул көрсөткүчтөргө жетебиз. Бул Түркиянын өзгөчө энергетикада тышкы көз карандылыгын азайтуу үчүн маанилүү. Бул жердеги ишибиз үзгүлтүксүз уланат. Жаңы кудуктарыбыз, жаңы геологиялык чалгындоо скважиналарыбыз бар. Быйыл Ван чек арасындагы Хаккариде жаңы скважиналарга ээ болобуз. Биз аларда жасай турган жаңы ачылыштар менен бул өндүрүш көрсөткүчтөрү алда канча алдыга жылат»,-деди.



Тектеш кабарлар