Эрдоган - Мухаммед бин Салман бин Абдулазиз Аль Сауд менен сүйлөшүүсү

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда сүйлөшүүдө Түркия менен Сауд Арабиянын ортосундагы эки тараптуу карым - катнаштар менен глобалдык жана аймактык маселелер каралды.

2126127
Эрдоган  -  Мухаммед бин Салман бин Абдулазиз Аль Сауд менен сүйлөшүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган кечээ Сауд Арабиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салман бин Абдулазиз Аль Сауд менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда сүйлөшүүдө Түркия менен Сауд Арабиянын ортосундагы эки тараптуу карым - катнаштар менен глобалдык жана аймактык маселелер каралды.

 Эрдоган сүйлөшүүдө  Израилдин Палестинага карата кол салууларын эртерээк  токтотуусу жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин ок атышпоо чечимин ишке ашыруу үчүн дагы көп аракет кылып, ислам дүйнөсүнүн  биримдик көрсөтүүсү керектигин белгиледи.

Президент Эрдоган сүйлөшүүдө Сауд Арабиянын мураскор ханзаадасын Рамазан майрамы менен куттуктады. 

 

 



Тектеш кабарлар