Фидан Брюсселде Кэмерон менен жолугушуу өткөрдү

НАТОнун тышкы иштер министрлери 2024-жылдын биринчи жыйыны үчүн Бельгиянын борбор шаары Брюсселде жолугушту.

2124461
Фидан Брюсселде Кэмерон менен жолугушуу өткөрдү

Түркия НАТОнун саммитинде террор менен күрөштү күн тартибине алып чыкты...

НАТОнун тышкы иштер министрлери 2024-жылдын биринчи жыйыны үчүн Бельгиянын борбор шаары Брюсселде жолугушту.

2 күндүк жыйында Түркияны тышкы иштер министри Хакан Фидан өкүлдүк кылууда.

Жыйындын күн тартибинде жалпы сестентүү маселелери, терроризм менен күрөшүү жана Украинадагы окуялар каралат.

Швеция менен Финляндиянын мүчөлүгүнөн кийин альянстын акыркы абалы жана Вашингтон саммитине даярдыктар да күн тартибинде болот.

Жыйында министр Фидан НАТОнун терроризмге каршы биргелешип күрөшүүсү керектигин, мунун НАТОнун милдеттеринин бири экенин айтып, НАТОнун кээ бир мүчөлөрүнүн жикчил террор уюму ПКК/ЙПГ менен өнөктөштүк мамилеге киришинин кабыл алынгыс экенин дагы бир жолу баса белгилейт.

Хакан Фидан шериктештердин коргонуу өнөр жайы тармагында бири-бирине санкция жана чектөө киргизүүнүн шериктештиктин духуна каршы экенин билдирип, Европанын коргонуу жана коопсуздугун кантип эффективдүү камсыз кыла ала турганы тууралуу Түркиянын пикирлерин жеткирет.

Жолугушуунун алкагында министр Фидан британиялык кесиптеши Дэвид Кэмерон менен жолугушуп, Газа, Украина жана коргонуу өнөр жайындагы кызматташтык сыяктуу темаларды сүйлөштү.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, министрлер Газага гуманитардык жардам жеткирүү үчүн ташталышы мүмкүн болгон кадамдарга токтолуп, уланып жаткан сүйлөшүүлөрдө жетишилген жерге баа беришти.

Фидан кесиптешине Түркиянын Палестина мамлекетин таануусунун маанисине карата көз карашын билдирди.

Министрлер ошондой эле Украинадагы согушка байланыштуу акыркы кырдаалды талкуулап, коргонуу өнөр жайы тармагындагы кызматташуу маселелерин сүйлөшүштү.

Европа Биримдигине (ЕБ) мүчө болбогон эки өнөктөш катары Фидан менен Кэмерон НАТОнун күн тартибиндеги маселелер боюнча да пикир алмашышты.

Министр Фидандын немис, болгар жана фин кесиптештери менен эки тараптуу жолугушуулары да пландалууда.

Ошол эле учурда НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг жылдын биринчи тышкы иштер министрлеринин жыйынынын ачылышында сөз сүйлөдү.

Швециянын мүчө катары катышкан биринчи жыйыны болгонун белгилеген Столтенберг, негизги күн тартиптин июль айында Вашингтондо боло турган НАТО саммитине даярдыктар болорун айтты.

Столтенберг: «Бул саммит коргонуу шарттарын бекемдөө жана адилеттүү жүк бөлүштүрүүнүн камсыздалышы боюнча ишибизди алдыга жылдырат. Бул Украинага болгон колдообузду күчтөнтөт жана Европа Биримдиги (ЕБ), ошондой эле Азия-Тынч океан аймагындагы өнөктөштөрүбүз менен кызматташуубузду тереңдетет»,-деп айтты.

НАТОнун баш катчысы белгилегендей, шериктештер ошондой эле альянстын түштүгүндөгү, Жакынкы Чыгыштагы туруксуздукту чечүү жолдорун талкуулайт.



Тектеш кабарлар