Тышкы иштер министри Хакан Фидан НАТО саммитине катышат

НАТОнун тышкы иштер министрлери  2024 -  жылдын биринчи жыйыны үчүн  3 – 4 -  апрелде Бельгиянын борбор шаары Брюсселде жолугушат.

2123683
Тышкы иштер министри Хакан Фидан НАТО саммитине катышат

Түркия террор менен күрөшүүнү НАТО саммитинде күн тартибине алып чыгат.

НАТОнун тышкы иштер министрлери  2024 -  жылдын биринчи жыйыны үчүн  3 – 4 -  апрелде Бельгиянын борбор шаары Брюсселде жолугушат.

Жыйынга Түркиянын атынан тышкы иштер министри Хакан Фидан катышат.

Жыйындын күн тартибинде жалпы бөгөт коюу маселелери, терроризм менен күрөшүү жана Украинадагы окуялар каралат.

Швеция менен Финляндиянын мүчөлүгүнөн кийин альянстын акыркы абалы жана Вашингтон саммитине даярдыктар да күн тартибинде болот.

Министр Фидан жыйында НАТОнун террор менен биргеликте күрөшүүсү керектигин, мунун НАТОнун  миллдеттеринин бири экендигин белгилеп, айрым НАТО мүчөлөрүнүн ПКК/ЙПГ террордук уюму менен өнөктөштүк карым  - катнашка киришинин кабыл алынгыс экендигин дагы бир жолу баса белгилейт.

Хакан Фидан союздаштардын бири бирине коргонуу өнөр жайы тармагында санкция жана чектөөнүн союздаштык духуна терс экендигин да айтат. Европанын коргонуу жана коопсуздугунун  бекем  түзүлүшүнө карата Түркиянын көз караштарын билдирет.

Жыйындын алкагында  министр Фидандын Британия, Германия, Болгария жана финляндиялык кесиптештери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүшү  да пландалууда.

 



Тектеш кабарлар