Фахреттин Алтун : "Палестина тарыхыбыздын бөлүнгүс бир бөлүгү"

Алтун президенттиктин коммуникация башкармалыгы тарабынан Стамбулда Галатапорт Пакет  почтасында  уюштурулган "Кылым карыткан аманат :  Кызылай  туткун каттары көргөзмөсүн" барып көрдү.

2122321
Фахреттин Алтун : "Палестина тарыхыбыздын  бөлүнгүс бир бөлүгү"

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун : "Тарых боюнча бүткүл дүйнөдө адилеттик жана тынчтык үчүн күрөшкөн улут катары Палестина калкынын жанындабыз",- деди. 

Алтун президенттиктин коммуникация башкармалыгы тарабынан Стамбулда Галатапорт Пакет  почтасында  уюштурулган "Кылым карыткан аманат :  Кызылай  туткун каттары көргөзмөсүн" барып көрдү.

Алтун бул жерде сүйлөгөн сөзүндө буларды белгиледи : "Көргөзмөбүздө (Биринчи Дүйнөлүк согушунда) Палестина фронтунда туткунга түшкөн аскерлерибиздин каттарына жана сүрөттөрүнө атайын орун бөлдүк. Бул сүрөттөрдүн бизге айтканы бул : Палестина тарыхыбыздын бөлүнгүс бир бөлүгү. Тарых боюнча да бүткүл дүйнөдө адилеттиктин жана тынчтыктын  коргоочусу болгон бир улут катары бүгүн да Палестина биздин бир бөлүгүбүз. Биз да Палестина калкынын жанындабыз". 

Көргөзмөнүн абдан маанилүү экендигин айткан Алтун  25 миң туткундун катын 100 жыл сактаган Түрк Кызылайына жана  кошкон салымы үчүн ТРТга ыраазычылык билдирди. 

 



Тектеш кабарлар