Косовонун лидери түрк аскерлеринин ифтарына катышты

Косовонун президенти Вйоса Османи НАТонун өлкөсүндөгү Тынчтык күчүнүн негизинде кызмат кылган түрк өкүлчүлүк делегациясы уюштурган ифтарга катыш

2117875
Косовонун лидери түрк аскерлеринин ифтарына катышты

Косовонун президенти Вйоса Османи НАТОнун өлкөсүндөгү Тынчтык күчүнүн негизинде кызмат кылган түрк өкүлчүлүк делегациясы уюштурган ифтарга катышты.

Түрк өкүлчүлүк делегациясынын Призрен шаарындагы Султан Мурат казармасында салтка айланган ифтарга президент Османи, Түркиянын Приштина элчиси Сабри Тунч Ангылы, Косово Демократиялык Түрк партиясынын (KDTP) төрагасы, Косовонун аймактык өнүгүү министри Фикрим Дамка жана Тынчтык күчүнүн командири,  генерал - майор Өзкан Улуташ жана көптөгөн коноктор катышты.

Ифтар тамагынан кийин президент Османи, элчи Ангылы жана полковник Карамүрсел Рамазан айынын баалуулуктары тууралуу сөз сүйлөдү.

Османи түркчө  сүйлөгөн сөзүндө конокторду рамазан айы менен куттуктады жана биримдик билдирүүсүн берди.

Түрк аскери  1999 – жылдан бери Косоводо Тынчтык күчүнүн негизинде ишин аткарууда.

Түркия Тынчтык күчү командирлигин  10 -  октябрда 1 жылдыгына өткөрүп алды.



Тектеш кабарлар