Эрдоган террор менен күрөшүүдө чечкиндүүлүккө басым жасады

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарада аскерлер менен ооз ачуу программасына катышып сөз сүйлөдү.

2117279
Эрдоган террор менен күрөшүүдө чечкиндүүлүккө басым жасады
erdogan askerle iftar.jpg
erdogan askerle iftar.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган террор менен күрөшүү тууралуу : «Ирак чек араларыбыздын коопсуздугун бул жайдан тарта толугу менен кепилдикке алып, Сирияда жарым калган ишибизди да акырына чыгарабыз»,- деди.

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарада аскерлер менен ооз ачуу программасына катышып сөз сүйлөдү.

«Шейит кандары менен суугарылган өз мекенибизде эркин, сыймыктуу жана тынчтык ичинде жашоону кааласак, оюндарды бузуп, чечкиндүү күрөшүүдөн башка аргабыз жок»,- деген Эрдоган бул жагынан алганда  күчтүү армияга ээ болуунун тандоодон башка бир мажбурдуулук экендигин айтты.

Эрдоган : «Бизди душмандарыбыздан өзүбүздүн күчүбүз, өзүбүз түзгөн мүмкүнчүлүк жана жөндөмдүүлүктөрүбүз коргой алат»,- деди.

Эрдоган террордук уюмдарга каршы жүргүзгөн кыйын күрөштүн ийгиликтүү уланышы үчүн аскерлерге бардык колдоону беришкендерин айтты.

Бир канча убакыттан бери сабырдуулук менен ишке ашырып жаткан терроризмди булагында жок кылуу стратегиясынын оң натыйжаларын чек ара ичинде да, тышында да көрө баштагандарына көңүл бурган президент : «Операцияларыбыздын натыйжасында жан далбастап жаткан, кысмакка алынган канкорлордун кайрадан элибиз үчүн маселе болуусуна уруксат бербейбиз. Кимдин долбоору экендигине карабастан түштүк чек араларыбыздан тышкары бир террористандын курулушуна уруксат бербейбиз. Ирак чек арабыздын коопсуздугу бул жайдан тарта толугу менен кепилдикке ала турган, Сирияда жарым калган ишибизди да акырына чыгарабыз. Максатыбыз балдарыбызга террордун караңгы көлөкөсүнөн толугу менен кутулган, жолу жарык, бактылуу  Түркияны тапшыруу»,- деди.



Тектеш кабарлар