Фидан: «Палестиналык бир туугандарыбызды эч качан жалгыз калтырбайбыз»

Бурсадагы ифтар программасына катышкан Хакан Фидан бул жерде сүйлөгөн сөзүндө, Израилдин 7-октябрдан бери кол салууларын улантып жаткан Газага көңүлдөрдү бурду.

2116640
Фидан: «Палестиналык бир туугандарыбызды эч качан жалгыз калтырбайбыз»

Тышкы иштер министри Хакан Фидан: «Палестиналык бир туугандарыбызды эч качан жалгыз калтырбайбыз»,-деди.

Бурсадагы ифтар программасына катышкан Хакан Фидан бул жерде сүйлөгөн сөзүндө, Израилдин 7-октябрдан бери кол салууларын улантып жаткан Газага көңүлдөрдү бурду.

Дүйнөнүн кыйын мезгилди башынан өткөрүп жатканын баса белгилеген Фидан: «Дүйнөбүз жана аймагыбыздын кайда баратканын жакшы жана так билишибиз керек. Улуттук кызыкчылыктарыбызды коргоонун жолу - бул багытты жакшы жана так билүү. Бул да дүйнө жүзүндөгү мекендештерибизге жана бир туугандарыбызга чындап колдоо көрсөтүүнүн жолу»,-деп айтты.

Дүйнөдө геосаясий атаандаштык менен бирге кризис жана кагылышуулардын да күчөгөнүн билдирген Хакан Фидан: «Израилдин мыкаачылыгы Газадагы эл аралык мыйзамдарды гана эмес, бүткүл адамзаттык баалуулуктарды тебелеп-тепсөөнү улантууда. Болуп жаткандар Газа менен эле чектелбейт, Батыш Шериада да отурукташуучулардын террору аркылуу палестиналык боордошторубуздун жерлери басып алынууда. Биз Түркия катары мыкаачылыктарды токтотуу үчүн ар бир деңгээлде бардык күчүбүз менен иштөөнү улантып жатабыз. Палестиналык бир туугандарыбызды эч качан жалгыз калтырбайбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар