Эрдоган : «Газада эл аралык мекеме жана уюмдар дагы бир жолу ийгиликсиздикке учурады»

Президент Режеп Таййип Эрдоган Стамбулда өткөрүлгөн «Эски достор ифтарына» катышты.

2116520
Эрдоган : «Газада эл аралык мекеме жана уюмдар дагы бир жолу ийгиликсиздикке учурады»

Президент Режеп Таййип Эрдоган : «Газада эл аралык мекеме жана уюмдар дагы бир жолу ийгиликсиздикке учурады, бул процессте Ислам дүйнөсү да сынактан жакшы өтпөгөнүн моюнга алалы»,-деди.

Президент Эрдоган Стамбулда өткөрүлгөн «Эски достор ифтарына» катышты. Андагы сөзүндө Эрдоган Израилдин 7-октябрдан бери кол салууларын уланткан Газада акыркы кылымдын эң ырайымсыз геноциддеринин бири болгонун жана эл аралык уюмдардын бул маселе боюнча «дагы бир жолу сынактан өтпөй калганын» айтты.

«Израилге кыргындарды ишке ашыруу үчүн ок-дары менен жардам берген батыш өлкөлөрүнүн эки жүздүүлүктөрү Газаны дүйнөнүн эң чоң балдар жана аялдар көрүстөнүнө айлантты»,-деп айткан Эрдоган:«Ачыгын айталы, ислам дүйнөсү да сыноодон жакшы өткөн жок. Мусулмандар катары биз сөзсүз түрдө мунун эсебин беришибиз керек»,-деп айтты.

Түркиянын газалык боордошторуна бардык мүмкүнчүлүктөрү менен колдоо көрсөткөнүн белгилеген Президент, Газага 40 миң тоннадан ашкан гуманитардык жардамды улам көбөйтүп уланта тургандарын билдирди.



Тектеш кабарлар