Түркиядан Иракка маанилүү сапар

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсү жарыяланды.

2115087
Түркиядан Иракка маанилүү сапар

Тышкы иштер министри Хакан Фидан, улуттук коргоо министри Яшар Гүлер жана Улуттук чалгындоо уюмунун (MİT) төрагасы Ибрахим Калын коопсуздукка багытталган сүйлөшүү үчүн бүгүн Ирактын борбор шаары Багдадга баратат.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, Фидан, Түркия менен Ирактын ортосунда коопсуздукка багытталган сүйлөшүүлөр боюнча Ирактын тышкы иштер министри Фуад Хусейн өткөрө турган кийинки жыйынга катышуу үчүн Багдадга барат.

Иракка бара жаткан делегациянын курамында Фидандан тышкары улуттук коргоо министри Гүлер, MİT төрагасы Калын жана ички иштер министринин орун басары Мунир Каралоглу да бар.

Жолугушууда терроризмге каршы күрөшүү, коопсуздук жана аскердик кызматташтык баш болгон эки тараптуу күн тартибиндеги түрдүү темалардын кеңири түрдө каралышы көздөлүүдө.



Тектеш кабарлар