Террор менен күрөш уланууда

Борбор калаа Анкарада Улуттук коргоо министрлигинде маалымат жыйыны өткөрүлдү.

2115410
Террор менен күрөш уланууда

Террорго каршы күрөш өлкөнүн ичинде жана тышында чечкиндүүлүк менен уланууда.

Борбор калаа Анкарада Улуттук коргоо министрлигинде маалымат жыйыны өткөрүлдү.

Буга ылайык, Ирак менен Сириянын түндүгү да кошкондо акыркы бир жумада 63 террорист таасирсиз кылынды.

2024-жылдын 1-январынан бери жок кылынган террористтердин саны 582ге жетти, алардын 229у Ирактын түндүгүндө, 353ү Сириянын түндүгүндө таасирсиз кылынды.

Жикчил террордук уюм ПККнын ыдырашы да уланууда.

Өткөн аптада Ирактын түндүгүндөгү баш калкалоочу жайларынан качкан 2 ПКК террористи Хабурдагы чек ара бекетине багынып беришти.



Тектеш кабарлар