Фахреттин Алтундан ТРТга мактоо

Фахреттин Алтун санариптик маалымат платформасына билдирү жасады.

2113891
Фахреттин Алтундан ТРТга мактоо

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, Түркия радио жана телекөрсөтүү мекемесинин (TRT) Израилдин жалган маалымат таратуу иштерине каршы Газадагы фактыларды ачыкка чыгаруу үчүн катуу аракет кылып жатканын айтты.

Фахреттин Алтун санариптик маалымат платформасына билдирү жасады.

Израилдин Газа кол салууларына байланыштуу жалган маалымат таратуу иштерине каршылык көрсөткөн Алтун: «Биз Израилдин кыргындарын, согуш кылмыштарын жана геноциддерин ар бир мүмкүнчүлүктө эл аралык коомчулуктун күн тартибине алып чыгып, Израилдин кеңири кылмыш ишин түшүндүрүүнү улантабыз»,-деди.

Израилдин Батыш медиасына карата кысымына көңүл бурган Алтун: «Израиль тараткан жалган кабарларды жана маалыматтарды ачыкка чыгардык. Палестина атайын бюллетендери жарыялоо аркылуу Израилдин 200гө жакын олуттуу жалган маалымат берүү аракетин төгүндөдүк. Чындыктарды эл аралык коомчулук менен бөлүштүк. Израилдин ачыкка чыгарылган бардык калптары эл аралык коомдук пикирде чагылдырылып, Израилдин сот процессине шилтеме болду. Мындан тышкары, Израилдин таасири астында калып анын калптарын жайылтуу миссиясын аткарган көптөгөн эл аралык маалымат каражаттары өз позицияларын карап чыгууга аргасыз болушту»,- деп айтты.

Газалыктардын үнү болуу үчүн күрөшкөн ТРТнын иш-аракеттерине да токтолгон Алтун: «Бул процессте Анадолу агенттиги (AA) менен ТРТ да фактыларды ачыкка чыгарып, дүйнөлүк коомдук пикирдин күн тартибине алып чыгуу үчүн катуу аракет кылууда»,-деди.

Коммуникация башкармалыгынын башчысы: «Биз чындыкты жашоонун борборуна койгон цивилизациянын мүчөлөрүбүз. Ошондуктан, акыйкаттыкты жана чындыктын өзүн желбиретүүнү улантабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар