Эрдоган менен Зеленский пресс - жыйын өткөрдү

Президент Режеп Тайип Эрдоган : «Россия да катыша турган тынчтык саммитин өткөрүүгө даярбыз».

2113039
Эрдоган  менен Зеленский пресс  - жыйын өткөрдү

Президент Режеп Тайип Эрдоган : «Россия да катыша турган тынчтык саммитин өткөрүүгө даярбыз»,- деди. Эрдоган кечээ расмий сапар менен Түркияга келген Украинанын президенти Владимир Зеленский  менен Стамбулда биргелешкен пресс  - жыйын өткөрдү. Президент Эрдоган Украинадагы согуш тууралуу : «Россия да катыша турган тынчтык саммитин өткөрүүгө даярбыз»,- деди. Кара деңиз дан коридору тууралуу да сөз сүйлөгөн Эрдоган жаңы келишимдин түзүлүшү үчүн керек болгон колдоону берүүгө даяр экендерин айтты. Тынчтыктын түзүлүшү үчүн 2022 -  жылдын март айында Стамбулда түзүлгөн сүйлөшүү столунан өтө тургандай мүнөздөгү дипломатиялык кадамдын ташталбагандыгына токтолгон президент Эрдоган буларды айтты : «Башынан бери согуштун сүйлөшүүнүн негизинде акырына чыгышы үчүн колубуздан келген жардамды бердик. Россия да катыша турган тынчтык саммитин өткөрүүгө да даярбыз. Сүйлөшүүлөрүбүздө экспорт коридорлору жана навигация копсуздугу сыяктуу Кара деңиздин туруктуулугун кызыктырган маселелер тууралуу да пикир алыштык. Кара деңиз демилгесинин  33 миллион тоннага жакын дандын муктаж болгондорго жеткирип азык  - түлүк кризисинин алдына алынгандыгы белгилүү. Тараптардын арасында жаңы бир макулдашуунун түзүлүшү үчүн бир ниет ортого салынса мындан мурда да болгондой колубуздан келген жардамды берүүгө даярбыз. Согушка карабастан  эки тараптуу соодабыздын туруктуу  жүрүп жатканы бизди кубандырат.  10 миллиард доллар максатыбызга жетүү үчүн аракеттерибизди арттыруу боюнча макулдаштык. Эркин Соода Келишиминин эртерек ишке кириши эч шексиз бул карым  - катнаштарыбызды ылдамдатат. Украинанын кайра куруу иштерине күчтүү колдоо көрсөтөбүз».

Пресс – жыйында сөз сүйлөгөн Зеленский да : «Түркиянын аракеттери менен олуттуу гуманитардык жыйынтыктарга жетиштик»,- деди. Зеленский Украинанын эгемендүүлүгү, көз карандсыздыгы жана жеринин бүтүндүгүнө көрсөткөн колдосу үчүн президент Эрдоганга жана түрк калкына ыраазычылык билдирди.

Эрдоган пресс- жыйындан кийин журналисттердин суроолоруна да жооп берди.



Тектеш кабарлар