Коммуникация башкармалыгы Израилдин айткандарын төгүндөдү

Коммуникация башкармалыгынын Дезинформация менен күрөшүү борборунун социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасалды.

2112515
Коммуникация башкармалыгы Израилдин айткандарын төгүндөдү

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы, Израиль өкмөтүнүн басма сөз катчысы Эйлон Левинин: «Газа тилкесине кире турчу гуманитардык жардамдарга Израиль тоскоол болбой эле»,-деген билдирүүлөрүнүн чындыкты чагылдырбаганын билдирди.

Коммуникация башкармалыгынын Дезинформация менен күрөшүү борборунун социалдык медиа баракчасынан жасалган билдирүүдө, жер которгон адамдарга жакшыраак колдоо көрсөтүүнү жактаган гуманитардык жардам уюму Refugees Internationalдын акыркы отчетунун Израилдин айткандарын жокко чыгарганы эске салынды.

Билдирүүдө Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) маалыматтарынын да Израиль бийлигинин «жардам транзити көбөйдү» деген сөзүнүн тескерисин көрсөткөнү, февраль айында жеткирилген жардам фураларынын орточо саны мурунку айга салыштырмалуу 50 пайызга азайганы белгиленди.

Израилдин ошондой эле Түндүк Эрез жана Аль Мунтар сыяктуу маанилүү өтмөктөрдү жабык кармап Газанын түндүгүнө кирүүгө бөгөт койгонуна көңүл бурулган билдирүүдө: «Бардык эл аралык уюмдар, Израиль армиясынын аймакка жардамдын киришине тоскоол болгонун ырастап жатышат. Израилдин Палестина элине каршы геноцидди камуфляж кылуу үчүн жүргүзүп жаткан пропагандасына ишенбегиле»,-деп айтылды.



Тектеш кабарлар