Министр Кажыр: "Түркияны өндүрүш борборуна айландырдык"

Министр Кажыр Эскишехирдеги заводдун ачылышында сөз сүйлөдү.

2108095
Министр Кажыр: "Түркияны өндүрүш борборуна айландырдык"

Өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр, 22 жылдык саясий ырааттуулуктун Түркиянын кошумча нарк өндүрүшүнө жана экспортуна салым кошконун айтты.

Эскишехирдеги заводдун ачылышында сөз сүйлөгөн министр Кажыр: «Президентибиздин Режеп Таййип Эрдогандын  жетекчилигинде 22 жылда түзгөн саясий туруктуулук климаты, изилдөө жана инновациялык экосистемасы, пландаштырылган өнөр жай аймактары, ишкердик маданияты жана квалификациялуу адам ресурстары менен Түркияны дүйнөлүк кошумча нарк жана квалификациялуу өндүрүш борборуна айландырдык»,- деди.

22 жылда уюшкан өнөр жай аймагынын санын 192ден 361ге жеткиргендерин, болот экспортун 4 эсеге көбөйтүп 15 миллиард долларга чыгаргандарын билдирген өнөр жай жана технология министри: «Машина экспортун 12 эсеге көбөйүп 25,2 миллиард долларга, химия экспортун 10 эсеге көбөйүп 30 миллиард долларга, автоунаа экспортун 15 эсеге көбөйүп 35,7 миллиард долларга жана ушундайча Түркиянын жалпы экспортун 36 миллиард доллардан 255,8 миллиард долларлык рекорддук деңгээлге жеткирдик»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар