Стамбулга келген туристтердин саны өстү

Облустук маданият жана туризм башкармалыгы маалымат берди.

2105994
Стамбулга келген туристтердин саны өстү

2023-жылы Стамбулга келген туристтердин саны акыркы 10 жылда 66 пайызга өсүп 17 миллион 370 миңге жетти.

Облустук маданият жана туризм башкармалыгынын маалыматына караганда, 2013-жылы шаарга 10 миллион 474 миң 867 чет элдик турист келген болсо, өткөн жылы бул сан 17 миллион 370 миң 30 болду. Ушундайча шаарга келген туристтердин саны акыркы 10 жылда 66 пайызга өстү.

Стамбулга 2014-жылы 11 миллион 842 миң 983, 2015-жылы 12 миллион 414 миң 677, 2016-жылы 9 миллион 203 миң 987, 2017-жылы 10 миллион 840 миң 595, 2018-жылы 13 миллион 432 миң 990, 2019-жылы 14 миллион 906 миң 663, 2020-жылы 5 миллион 1981, 2021-жылы 9 миллион 25 миң 4, 2022-жылы 16 миллион 18 миң 726 чет элдик турист келди.



Тектеш кабарлар