Террористтерге каршы күрөш уланып жатат

Улуттук коргоо министрлигинде өткөрүлгөн пресс-брифингде, Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) террорго каршы күрөшүнүн чечкиндүүлүк менен уланып жатканы белгиленди.

2102930
Террористтерге каршы күрөш уланып жатат

1-январдан тарта жок кылынган террористтердин саны 398ге жетти.

Улуттук коргоо министрлигинде өткөрүлгөн пресс-брифингде, Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) террорго каршы күрөшүнүн чечкиндүүлүк менен уланып жатканы белгиленди.

Баардык террордук уюмдарга, өзгөчө ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГ, ДЕАШ жана ФЕТӨгө каршы жүргүзүлгөн операцияларда Ирак жана Сириянын түндүгү менен бирге акыркы бир жумада 39 террористтин жок кылынгандыгы, январь айынан бери таасирсиз абалга келтирилген террористтердин санынын 151и Ирактын түндүгүндө, 247си Сириянын түндүгүндө болуп 398ге жеткени маалымдалды.

Учурда база аймактарында жана чек араларда операциялардын татаал климаттык шарттарда чечкиндүүлүк менен уланып жаткаканына басым жасалган билдирүүдө, өткөн аптада Ирактын түндүгүндөгү баш калкалоочу жайларынан качкан жикчил террордук уюм ПККга мүчө 2 террористи коопсуздук күчтөрүнө багынып бергени кабарланды.



Тектеш кабарлар