Фидан - Дарчиашвили маалымат жыйыны

Фидан борбор шаар Анкарага келген Грузиянын тышкы иштер министри Илия Дарчиашвили менен Министрликтеги жолугушуусунан кийин өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

2102880
Фидан - Дарчиашвили маалымат жыйыны

Тышкы иштер министри Хакан Фидан, Израилдин Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарына ыктымалдуу кургактык кийлигишүүсүнүн дагы да көп жарандык кыргындарга алып келерин билдирди.

Фидан борбор шаар Анкарага келген Грузиянын тышкы иштер министри Илия Дарчиашвили менен Министрликтеги жолугушуусунан кийин өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Министр Фидан, акыркы күндөрдө 2 миллионго жакын палестиналыктын Газанын түштүгүндөгү Рафах аймагынан чыга албай калышы менен жаңы жана буга чейин болуп көрбөгөн трагедиянын деңгээлине жеткенин кабарлап, президент Режеп Таййип Эрдогандын Египетке сапарынын алдында Дубайга барганын, ушул алкакта аймактык лидерлер менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонун айтты.

Фидан Египеттеги жолугушууларда да бул маселенин каралганын белгилеп: «Учурда Рафах аймагы негизинен абадан бомбаланууда. Аймакка кургактыктан кийлигишүү дагы да көп жарандык кыргындарга жана жоготууларга алып келери темасында эл аралык коомчулук бирдей пикирде. Бардык өлкөлөр, бардык саясий лидерлер биринин артынан бири билдирүү жасап, Израилди эскертишүүдө»,-деди.

Өзгөчө Рафах аймагына эч кандай кол салуу болбошу, мындан ары чыдай турган күчү жок ачка жана бечара карапайым калктын дагы көп кысымга жана кыргынга дуушар болбошу үчүн абдан олуттуу эскертүүлөрдүн айтылып жатканын маалымдаган Фидан: «Израилдин бул эскертүүлөргө мүмкүн болушунча тезирээк көңүл бурушун күтөбүз»,- деди.

Эл аралык адилеттик сотунун убактылуу тыюу салуу чечиминин тез арада ишке ашырылышы керектигин билдирген Министр Фидан: «Биз өзгөчө (Газадагы) адамдардын кыргынынын тез арада токтошун, палестиналык боордошторубуз баш болгон бардык жер которгондун өз үйлөрүнө кайтышын үмүт кылуудабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар