Террор менен күрөш уланууда
Улуттук коргоо министрлиги билдирүү жасады.
2102092
Сириянын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга мүчө 3 террорист таасирсиз кылынды.
Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө: «Террор жана террористтерге эч бир жерде өтмөк жок. Баатыр Түрк куралдуу күчтөрүбүз Сириянын түндүгүндөгү «Евфрат калканы» жана «Тынчтык булагы» аймактарында аныктаган 3 ПКК/ЙПГ террористти кыянаттык максаттарына жете электе таасирсиз кылды. Акыркы террорист жок кылынганга чейин операцияларыбыз уланат»,-деп айтылды.