Стамбул чет элдик туристтердин саны боюнча рекорд койду

Маданият жана туризм министрлигинин интернет сайтында жарыяланган маалыматка караганда, Стамбулга келген чет элдиктердин саны мурунку өткөн жылга салыштырмалуу 8,44 пайызга өстү.

2101735
Стамбул чет элдик туристтердин саны боюнча рекорд койду

Эң көп кыдырылган шаарлардын башында турган Стамбул өткөн жылы 17 миллион 370 миң 30 чет элдик туристти кабыл алуу менен бардык жылдардын рекордун жаңылады.

Маданият жана туризм министрлигинин интернет сайтында жарыяланган маалыматка караганда, Стамбулга келген чет элдиктердин саны мурунку жылга салыштырмалуу 8,44 пайызга өстү.

Шаар өткөн жылы 17 миллион 370 миң 30 чет элдик туристти тосуп алды. Стамбулга кирген эң көп чет элдик зыяратчы 1 миллион 990 миң 226 киши менен Орусия Федерациясы болду.

Германия 1 миллион 286 миң 504 киши менен экинчи, Иран 1 миллион 53 миң 638 киши менен үчүнчү, Америка Кошмо Штаттары (АКШ)  853 миң 766 киши менен төртүнчү орунду ээледи. АКШдан кийин 701 миң 361 киши менен Улуу Британия, 604 миң 509 киши менен Сауд Арабия жана 589 миң 149 киши менен Франция турат.



Тектеш кабарлар