Президент Эрдоган Египетке барат

Президент Эрдоган египеттик кесиптеши Абдель Фаттах ас-Сиси менен борбор шаар Каирде жолугушат.

2101981
Президент Эрдоган Египетке барат

Президент Режеп Таййип Эрдоган 12 жылдан кийин бүгүн Египетке расмий сапар менен барат.

Президент Эрдоган египеттик кесиптеши Абдель Фаттах ас-Сиси менен борбор шаар Каирде жолугушат.

Жолугушуунун негизги күн тартиби Түркия менен Египеттин ортосундагы карым-катнаштарды өнүктүрүү болмокчу.

Жогорку деңгээлдеги эки тараптуу кызматташтык механизмдерин жандандыруунун алкагында таштала турган кадамдар сүйлөшүлө турган жолугушууда, соода, коргонуу, энергетика жана туризм сыяктуу ар башка тармактардагы мүмкүнчүлүктөр каралат.

Жолугушууда ошондой эле Израилдин Палестинага кол салуулары да талкууланат.



Тектеш кабарлар