Эрдоган : "Палестиналык боордошторубузду чарасыз жана жалгыз калтырбайбыз"

Президент Эрдоган расмий сапар менен барган Дубайда Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинде сөз сүйлөдү.

2101678
Эрдоган  : "Палестиналык боордошторубузду чарасыз жана жалгыз калтырбайбыз"
erdoğan nahyan.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган : "Палестиналык боордошторубузду чарасыз жана жалгыз калтырбайбыз",- деди.

Президент Эрдоган расмий сапар менен барган Дубайда Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинде сөз сүйлөдү. 

Эрдоган : "Өзүн эл аралык  мыйзамдан жогору көргөн Израиль ондогон жылдардан бери оккупация, басып алуу, кыйратуу жана геноцид саясаттарынан баш тарткан жок",- деди.

"Аймагыбызда тынчтык, бейпилдик жана экономикалык өнүгүүгө кеткен жол Палестина мамлекетинин курулушунан өтөт",- деген президент Эрдоган : "Израиль  туруктуу тынчтыкты кааласа экспансионисттик кыялдарга умтулууну токтотуп, 1967-жылдагы чек аралардын негизинде көз карандысыз Палестина мамлекетин кабыл алышы керек",- деди. 

Эрдоган : "1967-жылдагы чек араларда борбор шаары Чыгыш Кудс болгон көз карандысыз, эгемендүү жана географиялык жактан интеграцияланган Палестина мамлекети түзүлмөйүнчө, ташталган ар бир кадам жарым бойдон калат. Палестиналык боордошторубузду ээсиз,   жардамсыз жана жалгыз калтырбайбыз",- деди.

 

Президент : "Акыркы мезгилде БУУнун Палестиналык качкындар агенттигине карата кол салууларды катуу айыптагандыгыбызды айткым келет. Абийирдүү өлкөлөр Иордания, Сирия, Ливан жана Палестина жерлериндеги 6 миллион качкын үчүн жашоо үмүтү болгон агенттикти колдоого чакырамын",- деди. 

Бир тараптан президент Эрдоган, эки тараптуу жолугушууларынын алкагында БАЭнин президенти Мухаммед бин Заид Аль Нахайян менен жабык эшик артында жолугушуу өткөрдү.

Президенттиктин коммуникация директорлугунан берилген маалыматка караганда жолугушууда Түркия менен Бириккен Араб Эмирликтеринин ортосундагы саясий жана экономикалык карым-катнаштар, аймактык жана глобалдык маселелер, Израилдин Палестина жерлерине уланып жаткан кол салууларынын талкууланганы баса белгиленди.

Эрдоган билдирүүсүндө, Израилдин  Газа сыяктуу Рефахка кол салууларынын кабыл алынгыс экенин белгилеп, эл аралык коомчулук, эл аралык уюмдар, өзгөчө Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши жана тиешелүү өлкөлөрдүн Израилди тез арада токтотуу үчүн кадам таштоосу керектигин айтты. 

Билдирүүдө президент Эрдогандын Түркиянын бардык террордук уюмдарга каршы күрөштө эки өлкөнүн кызматташуусунун керек экендигин ортого салып, Түркиянын бардык террордук уюмдар менен күрөшүүнү уланта тургандыгын айткандыгы белгиленди.  



Тектеш кабарлар