Эрдоган БАЭ жана Египетке расмий сапар менен барат

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы расмий сапарга байланыштуу маалымат бөлүштү.

2100764
Эрдоган БАЭ жана Египетке расмий сапар менен барат

Президент Режеп Таййип Эрдоган 12-13-февралда Бириккен Араб Эмирликтерине (БАЭ) , 14-февралда Египетке расмий сапар менен барат.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыганын сапарга байланыштуу билдирүүсүндө Эрдогандын Дубайда өтө турган Дүйнөлүк Өкмөт Саммитинин ардактуу коногу катары сөз сүйлөп, эки тараптуу жолугушууларды өткөрө турганы, ал эми Каирге болгон сапарда эки тараптуу карым-катнаштарды өнүктүрүү жана жогорку деңгээлдеги кызматташтык механизмдерин жандандыруу алкагында таштала турган кадамдар карала турганы маалымдалды.

Жолугушууларда Израилдин Газа тилкеси жана басып алынган Палестина жерлерине болгон кол салуулары менен өзгөчө актуалдуу глобалдык жана аймактык маселелер боюнча пикир алмашуусу күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар