Түрк делегациясынын БУУдагы Газа билдирүүсү

Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун сессияларына катышкан Түркия Улуу Улуттук Парламентинин делегациясы Израилдин Газа тилкесиндеги кол салууларын күн тартибине алып чыкты.

2100513
Түрк делегациясынын БУУдагы Газа билдирүүсү

Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун жыйындарына катышкан Түркия Улуу Улуттук Парламентинин делегациясы Израилдин Газа тилкесиндеги кол салууларын күн тартибине алып чыкты.

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) Конья депутаты Селман Өзбояжы дүйнөнүн төрт бурчунан келген делегациялардын катышуусунда эки күндүк жыйындын негизги күн тартиби катары «тынчтык үчүн жаңы күн тартиби» темасынын талкууланганын айтты.

Өзбояжы Газадагы кол салуулар талкууланган БУУнун сессияларынын биринде Израиль делегациясынын сүйлөгөн сөзүнө каршылык көрсөтүү максатында   залдан чыккандарын, көптөгөн өлкөнүн делегацияларынын да аларды ээрчип, бул каршылыкты  колдогондорун айтты.

Өзбояжы эл аралык коомчулук тарабынан түзүлгөн механизмдердин Газадагы кыйынчылыкты басаңдатышы керектигин баса белгиледи.

АК партиянын Эрзурум депутаты Фатма Өнжү Түркияда жана эл аралык деңгээлде майып жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды өкүлү катары делегациянын курамында болгонун айтып, Израилдин Газага кол салууларынын натыйжасында 15 миңге жакын майыптын бар экендигине көңүлдөрдү бурду. 

Республикалык элдик партиянын (CHP) Анкара депутаты Мурат Эмир, БУУдагы жыйналыштарда Израилдин Газадагы адамзатка каршы кылмышын күн тартибине алып чыккандарын баса белгиледи. 

АК партиянын Трабзон депутаты Йылмаз Бүйүкайдын да жыйындарда Израилдин мыйзамды тоготпогон мамилесин кабыл албагандарын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар