Эрдоган : "2024 - жылдагы туризм максатыбыз 60 миллион зыяратчы"
Эрдоган кечээ Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Анталья райондук башкаруучу талапкерлерин таанытуу жыйынында сөз сүйлөдү.
Президент Режеп Таййип Эрдоган : «Өлкө боюнча 2024 – жылдагы туризм максатыбыз 60 миллион зыяратчы, 60 миллиард доллар туризм кирешеси»,- деди.
Эрдоган кечээ Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Анталья райондук башкаруучу талапкерлерин таанытуу жыйынында сөз сүйлөдү.
Антальянын турист санында мындан мурунку бир жылга караганда 19 пайыздык өсүү менен Түркиянын туризмдин борбор шаары наамын сактагандыгын айткан Эрдоган : «Өлкө боюнча 2024 - жылдагы туризм максатыбыз 60 миллион зыяратчы, 60 миллиард доллар туризм кирешеси. Анталья өз шаарларыбыз менен бирге дүйнөнүн бардык жерине азык - түлүк экспорту менен да алдыга чыгууда»,- деди.
Түркиянын биринчи астронавты Алпер Гезеравжынын Эл аралык космостук станциядагы миссиясына да токтолгон Эрдоган : «Гезеравжы жерге конду. Буюрса дагы көптөгөн Алпер Гезеравжыларды Түркия катары космоско жиберебиз»,- деди.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.