Түркия Пакистанды колдоосун улантат

Тышкы иштер министрлиги Пакистанда кечээ болгон террордук кол салууларга байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

2099191
Түркия Пакистанды колдоосун улантат

Түркия Пакистандын террор менен күрөшүн колдоону уланта турганын билдирди.

Тышкы иштер министрлиги Пакистанда кечээ болгон террордук кол салууларга байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

Билдирүүдө, «Пакистандын Белужистан провинциясынын эки районунда болгон теракттардан 30га жакын адам каза болгонун жана көп сандаган адам жарадар болгонун терең кайгыруу менен билдик. Боордош Пакистан элинин кайгысын тең бөлүшөбүз. Биз Пакистандын терроризмге каршы күрөшүн колдоону улантабыз»,-деп айтылды.

Пакистандын Белужистан провинциясында бүгүн боло турган шайлоодо депутаттыкка талапкерлерди бутага алган жардыруулардан 28 киши каза болуп, 47 киши жараланды.



Тектеш кабарлар