Байрактар ТB 3 учкучсуз учуучу аппараты 30 миң фут бийиктикке чыкты

Байрактардан берилген маалыматка караганда Байкардын улуттук жана  жергиликтүү түрдө иштелип чыккан Байрактар ​​ТB 3 учкучсуз учуучу аппарат,  Бийиктикке чыгуу  системасынын иштөө сынагынан ийгиликтүү өттү.

2097055
Байрактар ТB 3  учкучсуз учуучу аппараты 30 миң фут  бийиктикке чыкты

Байрактар ​​ТB 3  учкучсуз учуучу аппараты Текирдагдын Чорлу районундагы AKINCI  учуу - машыгуу жана сыноо борборунан учуп  30 миң фут бийиктикке чыкты.

Байрактардан берилген маалыматка караганда Байкардын улуттук жана  жергиликтүү түрдө иштелип чыккан Байрактар ​​ТB 3 учкучсуз учуучу аппарат,  Бийиктикке чыгуу  системасынын иштөө сынагынан ийгиликтүү өттү.

TUSAŞ  мотор өнөр жайы акционердик коому тарабынан  ата мекендик өндүрүштө иштелип чыккан PD-170 кыймылдаткычы менен учкан улуттук  учкучсуз учуучу аппараты  бийиктикке учуу сыноосунда бийиктиктеги система жана туруктуулугу өлчөлгөн  сыноону ийгиликтүү аяктады.

Байрактар TB 3 учкучсуз учуучу аппараты бүктөлүүчү канат түзүлүшү менен TCG Анадолу  сыяктуу кыска тилкелүү учак конуучу кемелерден учуп - конуу жөндөмдүүлүгүнө ээ дүйнөдөгү алгачкы учкучсуз учуу аппарат болот. 

Көрүү линиясынан тышкаркы кабарлашуу жндөмдүүлүгүнө да ээ боло турган улуттук учкучсуз учуучу аппараты узун аралыктан да башкарыла алат. Ушундайча чалгындоо -  байкоо, чалгындоо жана алып жүргөн акылдуу ок  - дарылар менен чабуул коюу миссияларын деңиздин ары жагындагы буталарга каршы аткарып Түркиянын токтотуучу күчүн көбөйтүүчү таасирге ээ болот.

 



Тектеш кабарлар