Түркия UNRWAга жардамдын токтотулушуна тынчсызданганын билдирди

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, «Биз кээ бир өлкөлөр UNRWAга жардамын токтотконуна тынчсызданып жатабыз»,-деп айтылды.

2094348
Түркия UNRWAга жардамдын токтотулушуна тынчсызданганын билдирди

Түркия Бириккен Улуттар Уюмунун Жакынкы Чыгыштагы Палестиналык качкындарга жардам жана иштер агенттигине (UNRWA) жардамдын токтотулушуна тынчсызданганын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, «Биз кээ бир өлкөлөр UNRWAга жардамын токтотконуна тынчсызданып жатабыз»,-деп айтылды.

UNRWAнын өтө оор шарттарда миллиондогон палестиналык баш калкалоочунун турмуштук муктаждыктарын камсыздаганы белгиленген билдирүүдө, 7-октябрдан бери Газада 150дөн ашуун UNRWA кызматкеринин Израиль тарабынан өлтүрүлгөнү эске салынды.

Билдирүүдө UNRWAнын бир нече мүчөсүнө карата айтылган кээ бир дооматтардан улам бул уюмга жардамды токтотуунун «биринчи кезекте Палестина элине» зыян тийгизе турганы баса белгиленип, UNRWAга жардамды токтотконун жарыялаган өлкөлөрдүн да чечимдерин карап чыгуулары үмүт кылынганы белгиленди.



Тектеш кабарлар