Нуман Куртулмуш Бахрейн жана БАЭге барат

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери  Нуман Куртулмуш 28 - 31 - январь күндөрүндө Бахрейн жана Бириккен Араб Эмирликтерине (БАЭ) расмий сапар менен барат.

2094161
Нуман Куртулмуш Бахрейн жана БАЭге барат

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери  Нуман Куртулмуш 28 - 31 - январь күндөрү Бахрейн жана Бириккен Араб Эмирликтерине (БАЭ) расмий сапар менен барат.

Куртулмуштун Бахрейн жана БАЭ сапарларында бул өлкөлөр менен эки тараптуу жана парламенттер аралык карым - катнаштарды талкуулашы, глобалдык жана аймактык маселелер боюнча пикир алмашуусу күтүлүүдө.

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери Куртулмуш эртең биринчи болуп Бахрейндин борбор шаары Манамада Бахрейндин  Өкүлдөр парламентинин башчысы Ахмед Ал Мусалам, Бахрейн Шура Кеңешинин төрагасы Али бин Салех Аль Салех жана мураскор ханзаада жана  Бахрейндин премьер-министри Салман бин Хамед Иса Аль Халифе менен жолугушат. 

Куртулмуштун Бахрейндин королу Хамед бин Иса Аль Халифе тарабынан кабыл алынышы жана бул кабыл алууда глобалдык жана аймактык темаларга байланыштуу пикир алышууларда  болушу күтүлүүдө. 

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери Куртулмуш Бахрейн сапарынан кийин бара турган  БАЭнин борбор шаары Абу Дабиде да  Вахат Ел Карама шейиттигин зыярат кылат.

Куртулмуш БАЭ Федералдык Улуттук Кеңешинде БАЭ Федералдык Улуттук Кеңешинин төрагасы Сакр Гобаш менен жолугат жана  урматына бериле турган сый тамакка катышат. 

Куртулмуштун БАЭнин президенти Мухаммед бин Заид Аль Нахайян тарабынан кабыл алынышы жана пикир алмашуусу күтүлүүдө.

 



Тектеш кабарлар