Эрдоган : "Ф - 16 үчүн оң жыйынтык күтүп жатабыз"

Эрдоган  АКШнын президенти Жо Байдендин да Түркияга F-16дын берилиши тууралуу өз парламентине керектүү  көрсөтмөлөрдү бергендигин айтты.

2094006
Эрдоган : "Ф - 16 үчүн оң жыйынтык күтүп жатабыз"

Президент Режеп Таййип Эрдоган Швециянын НАТОго мүчөлүгүнө уруксат бергендерин, эми  Америка Кошмо Штаттарынан  Ф - 16 аскердик  учактарын сатып алуу боюнча оң жыйынтык күткөндөрүн айтты.

Президент Эрдоган Стамбулда журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Эрдоган Швециянын НАТОго мүчөлүгүн бекитүү процессинин Түркия Улуу Улуттук Парламентинен өткөнүн жана бул чечимге кол койгонун баса белгилеген Эрдоган  АКШнын президенти Жо Байдендин да Түркияга F-16дын берилиши тууралуу өз парламентине керектүү  көрсөтмөлөрдү бергендигин айтты.

Бул кадамдардын F-16дын Түркияга жиберүү процессин камсыздай турганынан үмүт кылганын белгилеген Эрдоган, тышкы иштер министри Хакан Фидандын процессти жакындан байкап жатканын айтты.

Эрдоган : "Ал жерден (АКШ) келе турган натыйжа биз үчүн F-16дын Түркияга жиберүү процессин, оңдоо жана тейлөө боюнча процесстин башталышына шарт түзөт",- деди. 

швециянын НАТОго мүчөлүгүнө берилген уруксаттын батышка Түркиянын позициясын көрсөтүүсү жактан туура экендигин белгилеген президент : "Ошол эле чечкиндүүлүк менен жолубузду улантабыз",- деди. 

 



Тектеш кабарлар