Акыркы жумада ПККга таандык 82 террорист жок кылынды

Улуттук Коргоо министрлиги террор менен күрөшүү боюнча акыркы маалыматтарды бөлүштү.

2093425
Акыркы жумада ПККга таандык  82 террорист жок кылынды

Акыркы жумада Ирак жана Сириянын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПККга таандык 82 террорист жок кылынды.

Улуттук Коргоо министрлиги террор менен күрөшүү боюнча акыркы маалыматтарды бөлүштү.

Билдирүүдө жикчил террордук уюм ПККнын ыдырашынын уланып жатканы белгиленип : "Акыркы бир жумада 82 террорист жок кылынды, 2023-жылдын 1-январынан бери жок кылынган террористтердин саны 2478ге жетти»,-деп айтылды.

Бул жумада ПККнын 3 террористтинин Хабурдагы чек ара пунктуна багындагндыгы белгиленип : "Террористтер үчүн бир гана чыга турган жол түрк адилеттигине багынуу",- деп билдирилди. 

Министрлик булактары АКШнын президенти Жо Байдендин Түркияга  Ф  -16 аскердик  учактарын сатууга уруксат берүү үчүн Конгресске жазган сунуш катына да баа беришти. 

Булактар абалга оң баа берилгендигин бирок негизги нерсенин расмий процесстин башталышы экендигине көңүлдөрдү бурушту. 

 



Тектеш кабарлар