Гезеравжы да орун алган Ax-3 командасын Эл аралык космос станциясында тосуп алышты

Биринчи түрк космонавт Алпер Гезеравжы да орун алган Axiom-3 (Ax-3) командасын Эл аралык космос станциясында (ЭКС) тосуп алуу аземи өткөрүлдү.

2091263
Гезеравжы да орун алган Ax-3 командасын Эл аралык космос станциясында тосуп алышты

Биринчи түрк космонавт Алпер Гезеравжы Эл аралык космос станциясында...

Алпер Гезеравжы да орун алган Axiom-3 (Ax-3) командасын Эл аралык космос станциясында (ЭКС) тосуп алуу аземи өткөрүлдү.

Түркиянын биринчи космонавты Гезеравжы да болгон Ax-3 командасы үчүн даярдалган тосуп алуу аземин Axiom Space түз эфирде көрсөттү.

Гезеравжы тосуп алуу аземинде сүйлөгөн сөзүндө: “Түркия катары тарыхыбызда биринчи жолу космоско чыктык. Илим жана изилдөө иштерине салым кошууну чыдамсыздык менен күтөбүз. Түркия Республикасын куруп, аны бизге ишенип тапшырган Гази Мустафа Кемал Ататүрк жана анын куралдаштарына, бул өлкө үчүн жанын берген бардык шейиттерибизге, бул жерге кадам таштоого шарт түзгөн күчтүү эрки менен мамлекетибизге жана улутубузга ыраазычылыгымды билдирем. Келечек асманда!”- деди.

Салтанаттуу тосуп алуу аземинде командага Эл аралык космонавттын символикасы төш белгиси тапшырылды.

Эл аралык космос станциясындагы (ЭКС) Expedition 70 командасы, Гезеравжы да болгон Ax-3 командасын станцияда тосуп алды.

Болжол менен 36 саатка созулган космостук саякаттан кийин биринчи түрк космонавт Гезеравжы да болгон Ax-3 экипажын ташыган кеме кечээ Түркия убактысы боюнча саат 13.42де ЭКСга туташты.

Алпер Гезеравжы 14 күн бою космосто 13 илимий эксперимент жасайт.

Алпер Гезеравжы мезгил-мезгили менен космостук базадан дүйнөгө кайрылып, космостогу тажрыйбасын бөлүшөт.

Миссия аяктагандан кийин космонавттар Dragon капсуласы менен станциядан кетишет.

Атмосферага киргенден кийин капсула парашюттарын ачып, Орландо жээгиндеги океанга конот.



Тектеш кабарлар