Түркиянын космостук сапары башталды : Келечек асманда

Түркиянын биринчи космонавты Алпер Гезеравжы да орун алган SpaceX космостук кемеси Америка Кошмо Штаттарынын Кеннеди космостук борборунан жергиликтүү убакыт боюнча саат 16.49да (Түркия убактысы боюнча 00.49) ийгиликтүү учурулду.

2090696
Түркиянын космостук сапары башталды : Келечек асманда

Биринчи түрк космонавты Гезеравжы да болгон космостук унаанын  АКШнын жергиликтүү убактысы боюнча ишемби күнү эрте менен 05:15 чамаларында Эл аралык космостук станцияга барышы күтүлүүдө. Буга караганда жүргүнчүлөрдүн  Эл аралык космостук станцияга жетиши үчүн   36 сааттык жол жүрүүлөрү керек.

SpaceX  Эл аралык космостук станциясына карай жүргүнчүлүгү башталган Драгон капсуласындагы Ax-3 тобунун  сезимдерин Х эсебинен түз эфирден жарыялады.

Гезеравжынын космостогу биринчи сөзү : "Түркиянын учкучтуу биринчи космостук миссиясы үчүн биринчи түрк космоско кадам таштап жаткан учурду Ататүрктүн сөзү менен  баштагым келет : Түркия Республикабыздын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрк айткандай ; келечек асманда»,- деди.

Ишке ашырган космостук сапары  менен "биринчи түрк космонавт" болгон Гезеравжы  14 күн Эл аралык космостук станциясында  13 башка илимий эксперимент боюнча иштейт. Гезеравжы микрогравитация, космостогу адамдын ден соолугу, космостогу Туз көлү өсүмдүгүнүн космостук чөйрөдө изилдениши,  нөлдүк тартылуу чөйрөсүндө катуу суюктук аралашмаларын изилдөө сыяктуу тармактарда илимий долбоорлор боюнча эксперименттерди жүргүзөт.

Ошол эле учурда Фалкон 9  ракетасы Ax-3 тобун ташыган Драгон капсуласын белгиленген бийиктикке чыгаргандан кийин ийгиликтүү капсуладан бөлүндү. Андан кийин конууга өткөн Фалкон  9   Кеннеди космостук борборунун чыгышындагы Cape Canaveral базасына ийгиликтүү тконду.

Флакон  9дун Драгон капсуласынан бөлүнгөндөн кийин ишке кирген Merlin космос кыймылдаткычы капсуланы Эл аралык космостук станциясына  жетүү үчүн күчтөндүрөт.

 



Тектеш кабарлар