Фахреттин Алтун Азербайжандын вице - президенти Хажыев менен жолугушту

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун Азербайжан  вице  - президенти Хикмет Хажыев менен жолугушту.

2090982
Фахреттин Алтун Азербайжандын  вице  - президенти Хажыев менен жолугушту

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун Азербайжандын  вице  - президенти Хикмет Хажыев менен жолугушту.

Фахреттин Алтун социалдык медиа эсебинен берген маалыматында Хажыев менен жолугушуп түшүмдүү сүйлөшүү өткөргөндөрүн айтты. 

Билдирүүдө жолугушууга байланыштуу сүрөттөргө да орун берген Алтун : "Дос жана боордош Түркия менен Азербайжандын аймактык жана глобалдык деңгээлде байланыш, маалымат каражаттары жана коомдук дипломатия тармагында, ошондой эле жалган маалымат менен күрөшүүдө кызматташтыгын бекемдөөгө чоң маани берүүдөбүз. Келечекте медиа жана коммуникация тармагындагы кызматташтыгыбызды арттырып, эл аралык аренада эки дос жана боордош өлкө катары чындык үчүн күрөшүүнү улантабыз»,- деди.

 



Тектеш кабарлар