Түркиядан Британияга уурдалып кеткен экспонат өлкөгө кайтарылууда

Британиядагы бир аукциондо  сатылгандыгы байкалган  жана биздин заманга чейинки 6 -  кылымга катталган Айдындын Милет байыркы шаарынан чыккан корей тулкусу  Түркиянын аракети менен өлкөгө жиберилүү үчүн Түркиянын Лондондогу элчилигине тапшырылды.

2087640

Түркиянын Лондон элчилигинде өткөн тапшыруу иш  - чарасында сөз сүйлөгөн элчи Осман Корай Эрташ Маданият жана туризм  министрлигинин жол башчылыгында тышкы иштер, адилеттик жана ички иштер министрликтеринин аракеттери менен дүйнөнүн бардык жерине Түркиядан уурдалган тарыхый чыгармаларды Түркияга алып келүү үчүн иштеп жатышкандарын айтты.

Ушул максаттын негизинде башкаруу жана мыйзамдуу жолдорду олуттуу түрдө колдонгондорун айткан Эрташ биздин заманга чейинки 6 -  кылымга каталган корей тулкусунун Айдындын Милет байыркы шаарынан чыккан экспонат экендигин белгиледи. 

Эрташ : "Улуу Британия полициясы менен кызматташуунун натыйжасында биз бул кооз экспонатты  тиешелүү болгон жерге кайтарып жатабыз», - деди.

Милеттен чыккан экспонаттын архаикалык доорго таандык аял айкелинин дене бөлүгү экендиги белгиленди.

Тектеш кабарлар