Кара деңиздеги мина коркунучуна каршы Түркия, Румыния жана Болгария келишимге кол койот

Келишим үч өлкөнүн ички укуктук процедураларынан өткөндөн кийин иштей баштайт.

2087013
Кара деңиздеги мина коркунучуна каршы Түркия, Румыния жана Болгария келишимге кол койот

Түркия, Румыния жана Болгария эртең Кара деңиздеги мина коркунучуна каршы келишимге кол койот.

2022 -  жылы  24 -  февралда башталган Украина  - Россия согушу менен бирге Кара деңиздеги миналар деңизге жээктеш болгон өлкөлөр үчүн коркунуч туудурууда. Деңиз күчтөрү командирлиги чараларды көрдү. 

Кошумча чара катары Түркиянын жол башчылыгында Румыния жана Болгария менен үч тараптуу демилге көтөрүлдү. Техникалык делегациялар арасындагы сүйлөшүүлөр аяктады. Макулдашылган текст эртең Стамбулда турмушка ашырылат. 

"Кара деңиз миналарга каршы чаралар тобу" келишимине  Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер, Румыниянын Коргоо министри Ангел Тилвар жана Болгариянын Коргоо министринин орун басары Атанас Запрьянов кол коюшат.

"Үч тараптуу демилге" бир гана коргонуу максатында болот. Келишим менен Кара деңизде кемелердин коопсуздугуна салым кошуу максат кылынууда. 

Келишим үч өлкөнүн ички укуктук процедураларынан өткөндөн кийин иштей баштайт.



Тектеш кабарлар