Президент Эрдоган Зеленский жана Махмуд менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президенттиктин  коммуникация башкармалыгынын социалдык медиа эсебинен жарыяланган билдирүүгө караганда Эрдоган - Зеленский жолугушуусунда аймактык жана глобалдык маселелер, өзгөчө Украина - Россия  согушу талкууланды.

2085005
Президент  Эрдоган Зеленский жана Махмуд менен телефон аркылуу сүйлөштү
erdogan-mahmud.jpg
zelenskiy-erdogan.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Сомалинин президенти Хасан Шейх Махмуд менен өз-өзүнчө телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин  коммуникация башкармалыгынын социалдык медиа эсебинен жарыяланган билдирүүгө караганда Эрдоган - Зеленский сүйлөшүүсүндө аймактык жана глобалдык маселелер, өзгөчө Украина - Россия  согушу талкууланды.

Сүйлөшүүдө  президент Эрдоган Түркиянын Украинада да, Палестина жерлеринде да кан төгүүнү токтотуу жана туруктуу тынчтыкты түзүү  үчүн  аракеттерди көрүп жатканын белгилеп, Түркиянын тынчтыктын түзүлүшү үчүн көмөкчү ролун аткарууга  жана тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүүгө даяр экенин билдирди.

Президент Эрдоган дан коридорунун кайра түзүлүп ишке киришинин маанилүү экенин жана бул максатта дипломатиялык байланыштарды улантып жаткандыгын айтты.

Эрдоган сүйлөшүүдө Украинада эртерээк ок атышпоо түзүлүп, тынчтык  үчүн эшиктин ачылышы керектигин белгиледи.

Президент Эрдоган менен Сомалинин президенти Махмуддун телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Түркия - Сомали карым - катнаштары, террор менен күрөшүү, глобалдык жана аймактык маселелер каралды.

Эрдоган  сүйлөшүүдө Түркиянын террор менен күрөшүндө Сомалинин жанында экенин жана эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын барган сайын күч алуу менен улана турганын айтты.

Президент Эрдоган  Сомали менен Эфиопиянын ортосундагы тынчсыздандырган тирешүүнүн Сомалинин жеринин бүтүндүгүнүн негизинде токтошу керектигин билдирди. 

 



Тектеш кабарлар