Алтун: «Палестина маселесинде Түркиянын орду чындык тарапта»

Фахреттин Алтун Стамбулда өткөрүлгөн ТРТнын Испан тилдүү өлкөлөрдүн 1-берүү саммитинде жана ТРТ Испанчанын (TRT Spanish) таанытуу программасында сүйлөгөн сөзүндө Газадагы окуяларга дагы бир жолу көңүл бурду.

2132650
Алтун: «Палестина маселесинде Түркиянын орду чындык тарапта»

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун Палестина маселесинде Түркиянын орду чындык тарапта экенин айтты.

Фахреттин Алтун Стамбулда өткөрүлгөн ТРТнын Испан тилдүү өлкөлөрдүн 1-берүү саммитинде жана ТРТ Испанчанын (TRT Spanish) таанытуу программасында сүйлөгөн сөзүндө Газадагы окуяларга дагы бир жолу көңүл бурду.

Алтун Түркиянын адилетсиздикке каршы чындыкты кыйкырып чыгышы жана адилеттикти жактаган позициясы Израиль сыяктуу кара ниет топторду тынчсыздандырганын белгилеп: «Бул жаман топтор терроризм, геноцид жана системалуу калптар жана жалган маалымат кампаниялары аркылуу чындыкты бурмалоого жана ырайымсыздыгын күчөтүүгө аракет кылууда»,-деп айтты.

Израилдин бүт дүйнөгө чындыкты жарыялоону каалаган журналисттерди өлтүрүп, чындыкты кырганын жана муну айыптоо керектигин баса белгилеген Алтун: «Алар эмне кылышпасын, Палестина маселесине келгенде биздин ордубуз айкын. Биздин жерибиз чындык тарапта. Биздин жерибиз ошол бейкүнөө өлтүрүлгөн журналисттердин орду. Түркия 1967-жылдагы чек араларына негизделген, борбор шаары Чыгыш Кудс болгон эгемендүү, көз карандысыз жана аймактык интеграцияланган Палестина мамлекетинин ар дайым эң чоң колдоочусу болуп келген жана бул мамлекеттин түзүлүшү менен аймакка тынчтык келерин катуу баса белгиледи жана муну баса белгилейт. Анткени биз чындыктын сакчылыгындабыз жана бул жерде биздин аракеттерибиз ушуга байланыштуу»,-деп айтты.

Коммуникация башкармалыгынын башчысы Алтун ТРТ Испанчанын Санариптик Кабар платформасынын да бул аракет менен байланышы бар экенин жана чындык сакчылыгын ар башка континенттерде, ар кайсы өлкөлөр жана коомдор алдында эң күчтүү түрдө уланта турганын баса белгиледи.

ТРТнын акыркы эки жылда ТРТ Французча (TRT French), 3 башка тилде көрсөтүүчү ТРТ Балкан жана 4 башка тилде көрсөтүүчү ТРТ Африканы ишке киргизгенин эске салган Алтун, бул жаңы ачылган эл аралык санарип кабар каналдарынын жолдоочуларынын санынын кыска убакыттын ичинде 44 миллиондон ашканын белгилеп: «Бүгүн ишке киргизген ТРТ Испанча санарип кабар платформабыздын да ушундай көңүл бурууга ээ боло турганына ишенем»,-деди.

Эл аралык берүү тармагында бир типтеги берүүнүн кабыл алынгыс экенин белгилеген Фахреттин Алтун:«Ушул алкакта TRT Spanish эл аралык берүү тармагында көп түрдүүлүккө жана көп маданияттуу уктурууга салым кошот, Түркиянын тынчтык жана адилеттүүлүктү жактаган тышкы саясатын жана адилеттүү тезистерин дагы көп адамдарга түшүндүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот, өлкөбүздүн экономикалык, маданий жана адамдык потенциалын андан ары көрүнүктүү кылып, Латын Америкасынын көптөгөн өлкөлөрү менен түзгөн достук көпүрөлөрүбүздү мындан ары да чыңдайт»,-деди.



Тектеш кабарлар