Фидан Израилди Ливан туурасында эскертти

Тышкы иштер министри Хакан Фидан борбор шаар Анкарада басма сөзгө билдирүү жасады.

2083894
Фидан Израилди Ливан туурасында эскертти

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Израиль менен Ливандын ортосундагы согуштун туңгук көчөдөй болоорун билдирди.

Хакан Фидан борбор шаар Анкарада басма сөзгө билдирүү жасады.

Министр Фидан эл аралык коомчулуктун Израиль-Хамас жаңжалын болтурбоо үчүн эч кандай аракет жасабашы система үчүн олуттуу сынуу чекити экенин айтты.

Кошмо Штаттардын (АКШ) же кээ бир батыш өлкөлөрүнүн Израилге шартсыз колдоосу олуттуу көйгөй экендигин белгилеген министр Фидан:«Газада болгон окуялар Батыш менен европалыктардын бир заматта бардык аброюн жана топтогон бардык кадыр-баркын жоготуусуна алып келди. Алар адамзаттын, өзгөчө биздин муундарыбыздын алдында өздөрүнүн бардык сый-урматтарын каржашты. Аларга муну кайтарып алуу оңой болбойт»,-деди.

Фидан Батыш өлкөлөрүнүн Украина-Орусия маселесиндеги позициясынан айырмаланып, Газа темасында таптакыр башка позицияда болушунун эки жүздүүлүк экенин айтты.

Бир тараптан израилдиктердин Ливан менен согушууга барбоо үчүн өздөрүн араң эле кармап турганын белгилеген Фидан:«Бирок мен ар дайым айтам. Бул жол (Израиль-Ливан согушу) туңгуюк көчө сыяктуу. Ушундай нерсе болуп кетсе, бул согуш албетте бүтпөйт. Тескерисинче, маселе чечиле турган болсо, биз тынчтыкка жана эки мамлекеттүү (Израиль жана Палестина) чечимге көңүл буруубуз керек»,-деди.

Он миңдеген жарандын туш келди өлтүрүлүшүн эч бир себептин актай албасын белгилеген Фидан, Батыштын Израилдин кыргындарын айыптай албашынын алар үчүн чоң позиция жоготуу экенин белгиледи.



Тектеш кабарлар