Түркия Чехияга көңүл айтты

Праганын борборундагы Карлс университетинин философия факультетиндеги куралдуу кол салууда алгачкы маалыматтарга караганда 15тен ашуун адам каза болуп, 24 киши жаракат алды.

2079531
Түркия Чехияга көңүл айтты

Түркия Прагадагы куралдуу кол салууга байланыштуу Чехияга көңүл айтты.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Өнжү Кечели, Чехиянын баш калаасы Праганын борборундагы Карлс университетинин философия факультетинде болгон куралдуу кол салууда 15тен ашуун кишинин каза болушуна байланыштуу көңүл айтуу билдирүүсүн жарыялады.

Кечели X социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө: «Прагадагы кол салууда каза болгондордун жакындарына жана чех элине көңүл айтабыз»,-деди.

Азыркы маалыматтарга караганда окуяда жабыркаган түрк жаранынын жок экенин айткан Кечели, Түркиянын Прага элчилигинин Чехия бийлиги менен байланышта экенин маалымдады.

Кечели муктаждыгы бар түрк жарандары үчүн элчилик менен Түркия консулдугунун байланыш номерлерин бөлүштү.

Праганын борборундагы Карлс университетинин философия факультетиндеги куралдуу кол салууда алгачкы маалыматтарга караганда 15тен ашуун адам каза болуп, 24 киши жаракат алды.



Тектеш кабарлар