Түрк аба жолдорунун  башкы директору Билал Экши «Рио Бранко мамлекеттик ордени» менен сыйланды

Экшиге мамлекеттик орден Стамбулдагы Чыраган сарайында өткөрүлгөн аземде Бразилиянын Анкара элчиси Карлос Мартинс Чеглиа тарабынан тапшырылды.

2079414
Түрк аба жолдорунун  башкы директору Билал Экши  «Рио Бранко мамлекеттик ордени» менен сыйланды

Түрк аба жолдорунун  башкы директору Билал Экши Бразилиянын «Рио Бранко мамлекеттик ордени» менен сыйланды.

Tүрк аба жолдору тарабынан берилген маалыматка караганда,  Экши эки өлкөнүн ортосундагы соода жана маданий карым  - катнаштардын өнүгүшүнө кошкон салымы жана пандемия мезгилиндеги ак ниет эмгегинин натыйжасында бул сыйлыкка татыктуу деп табылды.

Экшиге мамлекеттик орден Стамбулдагы Чыраган сарайында өткөрүлгөн аземде Бразилиянын Анкара элчиси Карлос Мартинс Чеглиа тарабынан тапшырылды.

Экши бул орденге ылайык болуудан  кубанычтуу экендигин билдирди жана : "Бул орденди пандемия мезгилинде баары көчөгө чыгуудан корккон бир учурда хирургиялык халаттар менен өз милдеттерин аткарган командаларыбыз, ошондой иштеген    80 миңден ашык кесиптештерибиздин  атынан алып жатам",- деди. 

Элчи Чеглия Бразилия менен Түркиянын ортосундагы карым - катнаштарды өнүктүрүүдөгү өзгөчө аракеттеринен улам «командир» даражасы менен "Рио Бранко" ордени менен сыйланган Билал Экшини куттуктады.

Чеглия бул орден менен өлкөлөр арасындагы карым  - катнаштарды дагы да бекемдөөнү  максат кылгандарын айтты. 

 



Тектеш кабарлар